super.kg logo

Москвадан 4 миллион долларын тарттырып ийди делген Кыргыз жараны окуянын чоо-жайын айтып берди

 

Кечээ, 10-ноябрда Москва шаарындагы "Домодедово" аэропортунда Кыргыз жаранынын 4 миллион доллар акчасын белгисиз жарандар тоноп кеткендиги маалым болгон. Жабырлануучу окуянын чоо-жайын орус басылмаларынын бирине айтып берди.

Маалыматта айтылгандай, самаралык ишкер Т.И. уурдалган каражатты бир нече жыл бою үй-бүлөсү менен биргеликте чогулткан.

Анын айтымында, 4 миллион 840 миң доллар уурдалган. Бул сумманы ал Бишкектеги тигүү цехинин, ошондой эле үй-бүлөсүнө таандык Самара жана Люблино шаарларындагы соода түйүндөрүнүн ишинин аркасында топтогон. Ишкер акчасын Москва районунда арзан баада кийим саткан дүкөндөрдү ачууга жумшаганы жаткан.

Окуя болгон күнү ал таякеси жана досу менен Москвага учуп кеткен. Конгондон кийин аны жол тандабас менен тосуп алмакчы болгон эки таанышына телефон чалып, аэропорттон чыгып баратканын айткан. Көп узабай ишкер таякеси жана досу менен жакындап келе жаткан унаага барып, арткы отургучуна акча салынган чемоданды коюшкан. Ошол эле учурда анын жанында накталай акча салынган рюкзак да болгон.

"Ошол маалда бет кап тагынган 6-7 адам пайда болуп, «баарыңар жерге жаткыла, колуңарды башыңарга койгула» деп кыйкырып, автомат менен бизди коркутту", - деген жабырлануучу.

Андан соң кол салгандар үч унаа менен качып кетишкенин айткан. Ишкер кылмышкерлер “эч кандай акцентсиз таза орусча сүйлөшкөн” деп ырастоодо.

Жабырлануучу белгилегендей, акча тууралуу үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары гана билишкен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: