super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 10-11-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин тогузунчу саммитинин жыйынына катышып, анын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды.



Жыйында ТМУнун мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиев уюмдун башкы катчысы болуп дайындалды.

Ошону менен бирге, президент Садыр Жапаровго чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовго көзү өткөндөн кийин ыйгарылган Алишер Навои атындагы эл аралык "Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн" сыйлыгы тапшырылды.

Саммиттин аянтчасында мамлекет башчысы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мерзийоев тарабынан демилгеленген "Яшил Макон" улуттук долбоорунун алкагында "Регистан" аянтында Садыр Жапаров, ТМУ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары жана делегация мүчөлөрү биргелешип көчөттөрдү отургузушту.

Иш-чара Өзбекстан менен ТМУ саммитине катышкан өлкөлөрдүн ортосунда телекөпүрө форматында өттү.

Бүгүн, 11-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: