super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров ТМУ башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле жакынкы келечекте уюмдун мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кубанычбек Өмүралиевди Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, ага боордош элдердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысына өз кезегинде Кубанычбек Өмүралиев жаңы кызматта алдыдагы иштин пландары жана эң биринчи милдеттери, атап айтканда Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын Самарканд шаарында өткөн тогузунчу жыйынында кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы жана ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн ортосунда өз ара мамилелерди чыңдоо боюнча чаралар тууралуу маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: