Стамбулдагы жардыруу: Бомбаны таштоого шектелип аял киши кармалды
Кечээ, 13-ноябрда Стамбул шаарындагы жардырууну уюштурууга шектелип аял киши кармалды. Мындай маалымат Түркиянын ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандын күрт террордук уюмдарына тиешеси бар.
Түркиялык басылмалар буга чейин шектүү аял жардыруучу зат салынган баштыкты шаардын туристтик борбору болгон Истиклал көчөсүнө таштап кеткенин жазып чыгышкан. Бул жардыруудан алты адам каза болуп, 81 адам жаракат алган. Жабыркагандардын ичинен экөөнүн абалы оор.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.