super.kg logo

Стамбулдагы жардыруу блогер Айжан Байзакованын үй-бүлөсүнө таасирин тийгизди

 

Стамбул шаарындагы жардыруу болгон көчөдө казакстандык блогер Айжан Байзакованын апасы да болгон. Бул тууралуу блогер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Блогердин айтымында, апасы Инстаграмдан дал ошол окуя болгон жерден билдирүүлөрдү жарыялаган.

"Мен апама сим-карта сатып алып байланышып туруңуз деп айткам. Бирок ал сатып албаптыр. Мен Стамбулдагы теракты жаңылыктардан көрдүм. Апам менен байланышканча жаным чыгып кете жаздады", - деп жазды блогер.

Бактыга жараша, апасы жакшы. Блогер өз кезегинде каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Эске салсак, кечээ, 13-ноябрда Стамбулдун Бейоглу районундагы Истиклал көчөсүндө жардыруу болгон. Анын кесепетинен жаракат алгандардын саны 81ге жетсе, 6 адам көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: