super.kg logo

Стамбулдагы жардырууга шектелип жаткан аялдын кармалгандагы видеосу жарыяланды

 

Бүгүн, 14-ноябрда Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Стамбулдагы жардырууга шектелип жаткан аялдын кармалган учурдагы видеосун жарыялашты.

Кечээ күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20 чамасында Стамбулдун Бейоглу районундагы Истиклал көчөсүндө жардыруу болгон. Каргашадан 6 киши каза таап, кеминде 81 киши жаракат алганы кабарланды. Жардыруудан төрт аял, анын ичинде тогуз жашар кыз жана эки эркек каза болгон.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу жардырууну уюштурган шектүү кармалганын билдирген.

"Бомбаны койгон адам Стамбулдун полиция башкармалыгы тарабынан кармалды. Ага чейин дагы 21 адам кармалган болчу", - деди Сойлу.

Кийинчерээк Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа террордук кол салууда жарадар болгон 81 адамдын 39у ооруканадан чыгарылганын билдирди. Калган 42 адамдын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатса, экөөнүн абалы оор экендиги айтылат.






Стамбулдагы жардырууга шектелген аялдын кармалган учурдагы видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: