super.kg logo
  Спорт  

Ирандын футбол федерациясы Сердар Азмунду курамга албоону талап кылды. Себеби?

 

Ирандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Карлуш Кейрушка чабуулчу Сердар Азмунду Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна чакыргандан кийин кысым көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Ирандын Спорт министрлиги жана футбол федерациясы чабуулчу мурда Ирандагы өкмөткө каршы акцияларды колдогондугуна байланыштуу Азмунду арызга киргизбөөнү талап кылууда.

Эске салсак, Иранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу кыз хиджабды туура эмес кийгендиги үчүн полиция тарабынан кармалып, көп өтпөй комага түшүп каза болгон. Бул окуядан кийин Ирандын 100дөн ашуун шаарларында жана 30 провинциясында массалык нааразычылык акциялары өтүп, баш аламандыктар катталган. Бул акциялардан кеминде 30дан ашык адам каза болгон.

Футболчу Сердар Азмун дал ушул акцияларды колдоого алган.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 20-ноябрда башталат. Азырынча Азмун улуттук курамга чакыруу алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: