Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды
Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кол койду.
Алайбек Алымбаев 1980-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 2008-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын жардамчысы кызматын аркалаган. 2021-жылдын октябрынан декабрына чейин “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштын депутаты болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

