super.kg logo
  Саясат  

Мектептеги ысык тамактын жакшырышынан кийин балдардын сабакка катышуусу өскөн

 

Бул тууралуу 7-декабрда БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын адиси Елизавета Залкинд билдирди. Анын айтымында, мугалимдер акыркы убактарда ооруп сабак калтырган балдардын саны азайганын билдиришкен. 

Ошондой эле ал ашпозчулардын балдардын тамакты калтырбай жеп жатышканын айтканын маалымдады. Мындан сырткары Елизавета айым окуучулардын өздүк гигиенасы жакшырганын, алгач колун жууп, андан соң тамакка отургузулуп жатканын кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө 2200 мектептин 51инде гана башталгыч класстарга берилүүчү тамак-аштын сапаты жакшырган. Учурда балдарга нан, таттуу токоч, чай, айран, какао, компот жана жумасына 2-3 жолу күрүч, гречка боткосу же шорпо берилүүдө,- дейт БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын адиси Елизавета Залкинд .  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: