super.kg logo

Шавкат Мирзийоев улуу кызын мамлекеттик жаңы кызматка дайындады

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев улуу кызы Саида Мирзийоеваны президенттик аппараттын коммуникациялар жана маалымат саясаты секторунун башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов жергиликтүү басылмаларга билдирди.

Маалыматка караганда, Саида Мирзийоева ошондой эле социалдык тармактагы, маданият жана билим берүү тармагындагы реформалардын жүрүшүнө көз салат.

"Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин бүтүрүүчүсү, Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин жана М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин магистри, экономика илимдеринин кандидаты Саида Мирзийоева көп жылдар бою ар түрдүү тармактарда эмгектенген.

Тактап айтканда, 2019-2020-жылдары президенттик аппараттын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басары, 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

Анын ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө сөз эркиндигин камсыздоо, министрликтер менен ведомстволордо ачыктык саясатын жүргүзүү, басма сөз кызматтарынын ишмердүүлүгүн киргизүү, маданият тармагын өнүктүрүү, ошондой эле гендердик теңчилик боюнча көптөгөн долбоорлор ишке ашырылды", - деген басма сөз катчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: