super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-ноябрь: Тамекини таштоонун бүткүл дүйнөлүк күнү

 

Жыл сайын 15-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу алдында, Онкологдор уюмунун демилгеси менен Эл аралык тамекини таштоо күнү белгиленет.

Бул дата Америкада 1977-жылдан тарта майрам катары белгилене баштаган.

Максаты - тамекинин адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу элге маалымат берүү жана чылым чегүүнүн алдын алуу.

Бул күнү ооруканаларда бейтаптар үчүн тамеки тартуунун зыяндары тууралуу лекциялар окулуп, алар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Тамеки тартуу бүткүл дүйнөлүк көйгөй болуп эсептелет. Чылым көптөгөн ооруларга себеп болуп, аны чегип жаткан адамдын гана эмес, анын жанында отурган кишинин дагы өмүрүн кыскартат.

Расмий маалыматтар боюнча, ар бир 10 секундада планетада чылымдын айынан бир адам көз жумат. Орусия дүйнөдө тамеки тартуу боюнча 1-орунда турат. Бул өлкөдө тамекинин терс таасиринен улам жылына 500 миңге жакын адам көз жумат.

15-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: