super.kg logo

Жер шарында калктын саны 8 миллиардга жетти

 

Дүйнө жүзүндөгү калктын саны 8 миллиардга жетти. Мындай маалымат Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, БУУ буга чейин Жер шарында калктын саны 8 миллиардга 15-ноябрь күнү жете тургандыгын билдирген.

"Эгерде дүйнө калкынын саны 7ден 8 миллиард адамга чейин өсүшү үчүн 12 жыл керек болсо, анда 9 миллиард адамга жетүү үчүн болжол менен 15 жыл керек. Мындай көрсөткүч дүйнө калкынын өсүү темпи басаңдагандыгын билдирет", - деп жазылат маалыматта.

Маалымат үчүн: 1960-жылы Жер шарында 3 миллиард адам болсо, 2011-жылга карата калктын саны 7 миллиард адамга чейин өскөн. Дүйнө калкынын негизги бөлүгү Азия менен Африкада жашайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.11.2022. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл кобойуп муктаждык осуудо. Дуйнодо жер талашып согуштар болууда. А биз оз жерлерибизди жон гана берип жатабыз, 2 доопарас сатып жатса, кайдыгер болуп карап турабыз.......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: