super.kg logo
  Саясат  

"Жабык өтсө мен кете берейин". Мадумаров келишимдин долбоору ачык караларын тактады

 

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Андагы күн тартибине ылайык, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору да каралары маалым болду.

Жыйында эл өкүлү Адахан Мадумаров комитет төрагасы Улан Примовдон жыйын аягына чейин ачык өтөрүн тактады.

"Алтынчы, жетинчи маселени кароого келгенде жабык өткөрөлү деп демилге көтөрбөйсүңөрбү? Аягына чейин ачык өтөбү? Айрым депутаттардан кокустан сунуш түшүп кетпейби? Эгер жабык өтө турган болсо, бул жерде отуруунун кажети жок. Андай болсо мен убакытты текке кетирбей, кете берейин", - деди Мадумаров.

Ошондой эле ал Өзбекстандын парламенти кечээ күнү келишимдин долбоорун ратификциядан өткөргөнүн айтып, анда жыйын ачык болгондугун белгиледи.

Ага комитет төрагасы Улан Примов жыйынды ачык өткөрүүнү эле пландалып жатканын айтып, башка депутаттардын сунуш-пикирине жооп бере албастыгын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: