Бишкекте кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө






Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарындагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда угуусу начар спортчулар арасында кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, турнирге Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын курама командалары катышууда. Оюндар эртең, 16-ноябрга чейин уланат.
Белгилей келсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.