super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Куттуктоодо “Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңар менен куттуктайм!

Бүгүнкү турмушубузду телекөрсөтүү жана радиосуз элестетүүгө мүмкүн эмес. Сиздердин эмгегиңер менен ар бирибиз  бардык окуялар тууралуу маалымат алып, коом турмушуна терең аралашып, дүйнө таанууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Азыркы учкул заманда сиздер турмушубуздун ажырагыс бөлүгү болуп калдыңыздар. Телекөрсөтүү жана радио адамдарды бириктирип, жаратмандыкка багыттай алчу зор күчкө ээ. Өлкөдөгү тынчтыктын жана ынтымак-ырашкерликтин сакталышы сиздердин кесипкөй ишиңерге жана жоопкерчиликтүү мамилеңерге көз каранды экендиги шексиз. Демек, өлкөбүздүн жаркын келечеги да сиздердин колуңарда. Кесиптик майрамыңарда сиздерге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубат турмуш  каалайм!” деп жазылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: