"Кыргызстандагыдан 10 эсе жакшы ойнодук". Орусия курамасы Тажикстанды жеңе албай койду
Футбол боюнча Орусия улуттук курама командасы коңшу Тажикстан менен жолдоштук беттеш өткөрдү.
Оюн Дүйшөмбү шаарында өтүп, 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Орусия курамасынын башкы машыктыруучусу Валерий Карпин курама Кыргызстанга каршы оюнга караганда 10 эсе жакшы ойногонун белгиледи.
"Муну көпчүлүк эл түшүнбөйт, бирок күйөрмандарга дайыма жыйынтык керек. Кыргызстанга каршы оюнга караганда бул ирет 10 эсе жакшы ойнодук, бирок жеңишке жеткен жокпуз. Эми күйөрмандарыбыз нааразы болот", - деди Карпин.
Белгилей кетсек, 24-сентябрь күнү Кыргызстан курамасы менен Орусия Бишкекте жолдоштук беттеш өткөргөн. Оюн 1:2 эсебинде коноктордун пайдасында аяктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Mashyrbek

18.11.2022. 11:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан-Россия 1.2 менен айактаган
Asmat84

19.11.2022. 11:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лөлүлөр боп кетишкенби
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.