super.kg logo

УКМК: "Камчы Көлбаев кайра коё берилди"

 

Кармалган кримтөбөл Камчы Көлбаев жана анын жакын адамдары кайра коё берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Атайын кызмат аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, коё берилгенин белгиледи.
Эскерте кетсек, алар 16-ноябрь күнү кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан кармалганы айтылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар тиешелүү уруксаты жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 "Сайга" карабини жана 4 даана "ПМ" жана "Глок" үлгүсүндөгү тапанча) табылган.

Көлбаевдин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесинин (мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.11.2022. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хе...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: