Коңшу Казакстанда президенттик шайлоо өтүүдө
Бүгүн, 20-ноябрда коңшу Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүүдө. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө өлкө боюнча 8162 шайлоо тилкеси ачылды. Ошондой эле 11 чет өлкөдө 12 шайлоо участкасында добуш берүү башталды. Жалпысынан өлкө боюнча 10 миң 101 шайлоо тилкеси ачылып, 53 өлкөдө 68 шайлоо тилкеси иштейт.
Добуш берүү саат 20:00гө чейин уланат. Жалпысынан шайлоого 11 миллион 800 миң казакстандык катыша алат.
Шайлоого учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Нурлан Ауесбаев, Мейрам Кажыкен, Жигули Дайрабаев, Каракат Абден, Салтанат Турсынбекова аттуу талапкерлер катышууда. Ошондой эле бюллетендерде “баарына каршы” деген графа бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.