super.kg logo

Казакстандагы президенттик шайлоо: Токаев добуштардын 82,45 пайызын алды

 

Казакстандагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев добуштардын 82,45 пайызына ээ болду. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү "Ачык коом" институтунун экзит-поллуна таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Экинчи сапка 5,2 пайыз менен "Баарына каршы" деген графа чыкты. Талапкерлер Жигули Дайрабаев 3,33 пайыз, Каракет Абден 2,54 пайыз, Мейрам Кажыкен 2,23 пайыз, Нурлан Ауесбаев 2,17 пайыз, Салтанат Турсынбекова 2,08 пайыз добуш топтоду.

Шайлоодо 12 миллионго чукул шайлоочунун 8 миллиондон 300 миңге жакыны же 69,4 пайызы добуш берди.

Жети-Суу облусунда шайлоочулардын 81 пайыздан ашыгы добуш берсе, эң төмөнкү көрсөткүч Алматы шаарында катталды. Мында шайлоочулардын 28 пайызы гана урнага бюллетень салды.

Белгилүү болгондой, алгачкы расмий жыйынтык бүгүн, 21-ноябрда жарыяланат.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-ноябрь күнү Казакстанда президенттик шайлоо өттү. Анда алты талапкер ат салышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: