super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Балдар транспорт жок коңшу айылдагы мектепке барууда кыйналууда"

 

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Таш-Башат айылынын тургуну кайрылды.

Ал билдиргендей, Таш-Башат айылында мектеп жок, балдар коңшу айылдын мектебине барып билим алууга мажбур.

"Айылда мектеп жок болгондуктан балдарыбыз Үч-Эмчек айылына барып окушат. Айылга бир кичи автобус жүргүзүп берсе жакшы болмок. Балдарыбыз суукта аябай кыйналып кетти. Кээде аба ырайы бузулган учурда алардын коопсуздугун ойлоп сабакка жөнөтпөй калабыз.

3-4 жыл мурун айыл эли чогулуп, бир маршрутка алганбыз. Аны оңдоп-түзөөдөн өткөргөнгө чамабыз келбейт экен. №373 маршруттан 3 маал айылга каттап бергиле деп суранганбыз. Алар макул болушкан жок. Анан жардам сурап кайрылганга аргасыз болдук", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: