Ош. Митинг бүтүп, эл таркай баштады

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында митингге чыккандар экс-мэр Мелисбек Мырзакматов тарабынан айтылган бир нече талаптарды бир добуштан колдоого алышты.
Автор: Элира Чынтемир кызы, Дамира Арстанова
Коюлган талаптар:
Саруу айылынын жашоочуларынын талаптарын аткаруу;
Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу;
Ош шаарынын мэрин шайлоону ачык жана таза өткөрүү;
Камчыбек Ташиевдин уулунун мойнуна башка да уурдалган дөңгөлөктөрдү илүү аракеттерин токтотуу;
Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазовго карата куугунтукту токтотуу жана башкалар.
Учурда эл "мэрди шайлоо күнү кайрадан ушул жерден жолугабыз" деп тарай башташты.
Эске салсак, 5-декабрда КР Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелисбек Мырзакматов кызматынан бошотулган эле.
Белгилей кетсек, бүгүнкү митингге болжол менен 2000ден ашуун адам катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

