"Катар-2022": Англия-Иран беттешинде калыс биринчи бөлүктө эле 14 мүнөт кошту
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында өтүп жаткан Англия менен Иран курама командаларынын беттешинде башкы калыс биринчи бөлүктө эле кошумча 14 мүнөт кошуп берди.
Беттештин 25-мүнөтүндө Ирандын дарбазачысы жаракат алып, оюн 10 мүнөттөй токтоп калган. Дарбазачы ордунан туруп, оюнду уланта албасын билгенден кийин алмашууга кетти. Мындан улам бразилиялык башкы калыс биринчи бөлүктө эле кошумча 14 мүнөт кошту.
Учурда биринчи бөлүк аяктады. Англия 3:0 эсеби менен алдыда келе жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.