super.kg logo

Кыргыз-казак чек арасынан Латвиянын жараны кармалды

 

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Латвиянын жаранын кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Кыргызстандан Казакстанга бара жаткан. Чек арадан өтүүдө ал Кыргыз жаранынын паспортун көрсөткөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө документте жарым-жартылай жасалмалоонун белгилери бар экендиги аныкталган.

"Кармалган жаран жеке электрондук маалымат каражаттарынын камераларынан мөөр басып алганы аныкталды. Муну чек арачылар жүктү текшерүү учурунда аныкташкан. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин Латвиянын жараны кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти УКМКдан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: