super.kg logo
  Саясат  

Нурлан Мотуев: "Журналисттерге маалымат бергеним үчүн дагы суракка чакырышты. Эми камашат"

 

Бүгүн, 7-декабрда коомдук активист Нурлан Мотуев SUPER.KG порталына УКМКга сурак бергенин жана андан кийин массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүлөрү үчүн кайрадан суракка чакырылганын билдирди. 

"Сурак берүүгө бардым. Алар "эмнеге өлкөнү радикалдаштырып жатасыңар? Ташиевди камашканда митинг кылып туруп алдыңар. Ага да болбой 24-апрелде Бекназаров экөөңөр митинг кылып, кан төгүлөт дегенге чейин бардыңар. Жети-Өгүздө чын эле кан төгүлдү" деп айтышты",- дейт Мотуев. 

Мындан сырткары азыркы митингдер боюнча да сурашканын кошумчалады. "Азыр ким менен катышып жатасың?  Келдибеков менен Мырзакматовдун туугандары менен байланышың барбы? деп сурашты. Мен тааныгандарымды тааныйм деп айттым. Ошондой эле 1916-жыл боюнча акча талап кылганымды, социалдык түйүндөрдө хадистерди айтканым боюнча "Сен эмнеге ислам менен уктап жаткан кыргыздарды ойготуп жатасың?" дешти. Элдияр Жекшебаев деген өзү тамеки чегип сурак жүргүзүп жатты. "Саруудагы митингдин активисттери менен иштешип жатканыңды угуп жатабыз. Аракеттериңер бара-бара куралдуу согушка айланып кетсе эмне болот?" дешти. Чыгып баратып "бул жакта эмне сөз болгонун эч кимге айтпайсың, кол кой" дешти эле, колумду коюп бердим. Журналисттер сурак боюнча чалып сурашканынан болгон нерсени айттым. Бүгүн "кол койгонуңду буздуң" деп саат 3кө чакырышты. Мени камайт",- деп билдирди Нурлан Мотуев. 

  


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: