super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директорун кабыл алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкинди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-ноябрда өткөн жолугушууда коопсуздук тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Сергей Нарышкиндин Кыргызстанга сапары жемиштүү болоруна, ал эми эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда жетишилген макулдашуулар ар дайым стратегиялык мүнөзү, өзгөчө өз ара түшүнүшүү жана толук ишеним менен айырмаланып келген кыргыз-орус мамилелеринин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин сактоодо улуттук коопсуздук органдарынын кызматташуусу маанилүү роль ойнойт, бул тиешелүү тажрыйба, маалымат алмашууга мүмкүндүк берет жана эң негизгиси — аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоодо биргелешкен аракеттерди жана умтулууну координациялоого көмөк көрсөтөт.

Сергей Нарышкин өз кезегинде мамлекет башчысына Орусиянын президенти Владимир Путиндин саламын жана жылуу каалоолорун жеткирди.

Эки өлкө ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеген Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Борбор Азия чөлкөмүндө жана Евразия мейкиндигинде туруктуулук жана коопсуздук эки мамлекеттин бирдиктүү позициясынан көз каранды экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: