super.kg logo
  Саясат  

"Токсонубузду алдыга салып эле кууп баратат" Икрамов депутатка жасалган мамилени сынга алды

 

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов кесиптеши Өмүрбек Бакировдун кабинетинен чыгарылышын сынга алды.

Икрамов "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамдын 24-беренесине ылайык, депутатка тиешелүү кызматтык турак жай, иш бөлмө, автоунаа жана документтер текшерүүгө, тинтүүгө алынбай турганын белгиледи.

"Биз мыйзамдын чегинен чыгып кетип жатабыз. Кат жөнөткөндөн кийин күтүп туруш керек болчу, бирок алар башка кабинет бербей туруп бардык буюмдарын сыртка алып чыгып таштап койду. Урматтуу депутаттар, өзүбүздү өзүбүз сыйлабастык болуп жатат. Өткөндө Нуржигит Кадырбеков айткандай, токсонубузду алдыга салып эле кууп баратат. Ушул маселени карап, талап коёлу. Депутатты сүйлөтпөй коюу - шайлоочуларды сүйлөтпөй коюу болуп саналат. "Кыргыз элим бар болсун, оозу-мурду жок болсун" дегенге баратабызбы? Качан токтотобуз? Мыйзамдын негизинде иш алпаралы", - деди ал.

Ошондой эле ал президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы кызматтан алууну сунуштады.

Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Андан соң депутат кесиптеши Фархат Исмаилов менен мушташып кете жаздаган.

Кийин парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго ал отурган 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.






Жогорку Кеңеш 23.11.22

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: