super.kg logo

Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды

 

Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

"Чүй облусунда 4, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кыргызстан конушунда жалпы аянты 40 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрт мешти пайдаланууда өрт коопсуздугу эрежесинин бузулушунан келип чыккан.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылында эки кабаттуу турак үйдүн 15 чарчы метр балкону күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 26 чарчы метр чатыры жана 12 чарчы метр бир бөлмөсү күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.

Баткен облусунун Баткен районундагы Паскы-Арык айылында турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 4 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: