"Бир бүлөнүн мүчөлөрү болгон". Баткенде жол кырсыктан каза болгондор тойго баратканы белгилүү болду
Баткенде жол кырсыгына кабылгандар Бужум айылынын тургундары экени маалым болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Эскерте кетсек, кечээ, 22-ноябрь күнү Баткенде жол кырсыгы катталып, 8 адам каза болуп, 1 киши ооруканага түшкөнү кабарланган. Анда Mercedes-Benz Sprinter менен Opel Vectra унаалары кагылышканы айтылган.
Маалымдалгандай, каза болгондордун алтоо Opel Vectra унаасында, экөө кичи автобуста экени айтылды. Алты киши Бужум айылынын тургундары экени маалым болду.
Алар Кадамжай районуна турмушка узап жаткан кызынын тоюна бара жаткан бир бүлөнүн мүчөлөрү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.