super.kg logo

ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр экендигин дагы бир жолу белгиледи

 

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынында билдирди.

"Борбордук Азия чөлкөмүндө биз тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга өзгөчө маани беребиз. Биз ЖККУ эки мамлекетке бул максатка жетүү үчүн жардам көрсөтүү үчүн зарыл ресурстарга жана тажрыйбага ээ деп эсептейбиз, албетте, эгерде Тажикстан жана Кыргызстан муну зарыл деп эсептесе", - деп баса белгиледи Зась.

Ошондой эле ал аймакта террордук аракеттердин жайылуу коркунучу бар экендигин белгиледи.

"Буга байланыштуу тажик-ооган чек арасында чек ара коопсуздугун күчөтүү маселеси көз жаздымда калбайт", - деп кошумчалаган ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.11.2022. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"эгерде таджикистан менен Кыргызстан муну зарыл деп эсептесе" орустар мынтип зевать эте берсенер бул региондогу козомолунорду жоготуп жана чон жоготууларга туш болобу деген ой бар, таджик президенти жен ичинен батышка сатылганын орустун тупой геополитиктери тушунбой жатабы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: