super.kg logo

Курултайда Таластан келген делегат көпчүлүктүн маанайын көтөрдү (видео)

 

Бишкекте өтүп жаткан биринчи Элдик курултайда расмий бөлүктөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Анда Талас шаарынан келген делегат Жакыпбек Айдаров залда отургандар менен өзгөчө учурашып, көпчүлүктүн маанайын көтөрдү.

"Ала-Тоонун арасын, Аралап атам Манасым.

Тандап туруп кылууга, Тааптыр сени Таласым.

Кең Таластан бардыгыңыздарга салам!

Алыстагы Баткен элиме, Айгүл тоомо, өрүкзарыма, берекелүү Ошума, таттуубуз, энергетикабыз Жалал-Абадыма салам!

Мал киндиктүү Нарынга, кыргыздын бермети болгон көлүмө салам!

Сары-Өзөн - Чүйүбүз, Чүйүбүз биздин үйүбүз, Чүйгө салам!

Кең Таластан, Таласым менин намысым", - деди ал.

Делегат Айдаралиевдин учурашуусунан соң зал күлкүгө бөлөнүп, айрым делегаттар "болду эми кете бериңиз" деп тамашалады. Ага чейин Элдик курултайдын төрагасы Кадыралы Кошалиев сөз сүйлөөгө бөлүнгөн 3 мүнөт убакыт делегаттардын оюн толук айтканга жетпей калып жаткандыктан улам аларды учурашпай эле дароо маселесин айтууга чакырган. Андан кийин Жакыпбек Айдаров өз аймагындагы көйгөйлөр менен бөлүштү.

“Талас шаарында 1970-жылдары 75 чакырымга жер алдындагы суу түтүгү курулган. Азыркы күндө эскилиги жетти. 7 чакырымга созулган канализация учурда иштебей турат. Ал эми мектепте бир эле класста 45-50 окуучу окуйт. Бала бакчада болгону 1 300 орун бар. Бирок кезекте дагы 3 500 бала турат”, - дейт ал.






Таластык делегаттын саламдашуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: