super.kg logo

Делегат бүгүнкү курултайдын катышуучулары дуба кылса коррупция тыйыларын айтты (видео)

 

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда делегат Саткан Абдрахманов коррупциядан кутулуунун жолун айтты.

"Кыргызстанда көйгөй чачтан көп. Эгерде коррупция болбогондо бул көйгөйлөр болмок эмес. Биздин айылда эл мал уурулуктан тажап, айласын таппай калганда аксакалдарды мечитке топтоп дуба менен гана токтоттук. Башка айылдарда дагы ушундай. Урматтуу президент, делегаттар, эгерде колдосоңуздар өлкөдөгү уурулукка, коррупцияга бир дуба кылбайлыбы. Анткени ууру дубадан гана коркпосо, башка нерседен коркпой калды. Бүгүнкү курултайдын катышуучулары "мындан кийин уурулар, мамлекеттин казынасына кол салгандар жарыбай калсын" деп дуба кылса, коррупция 80 пайызга азаят", - деди ал.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1072 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.






Делегат бүгүнкү курултайдын катышуучулары дуба кылса коррупция тыйыларын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: