Өзбекстандын президенти Кыргызстанга декабрда келет
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга декабрь айында келет. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын сайтында жазылды.
24-ноябрда чет өлкөлөрдүн жаңы дайындалган элчилери Шавкат Мирзийоевге ишеним грамоталарын тапшырган учурда анын Бишкекке сапары тууралуу сөз болгон.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен Мирзийоев алдыдагы сапарды талкуулашкан.
Өзбек президенти чек ара боюнча макулдашууларды "эки өлкө ортосундагы болуп көрбөгөндөй жетишкендик" деп сыпаттап, бардык маселелер өз убагында чечилип жатканын айткан.
Мирзийоев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери буга чейин кабарланган, бирок датасы айтыла элек болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.