super.kg logo

Ош драма театры түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгын белгиледи

 

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында театрдын түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө мыкты спектаклдердин үзүндүлөрүнөн турган кеңири чыгармачылык программа тартууланды.

Театрдын жамаатын Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов куттуктап, бул маданий мурастын жаш муундарды тарбиялоодо, шаардын маданий турмушун өнүктүрүүдө мааниси зор экенин белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн театр ишмерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 1972-жылы уюшулган. 1974-жылы жаңы имараттын курулушу бүткөрүлүп, ошондон бери театр Кыргызстандын көрүүчүлөрүн гана эмес, Орто Азиядагы театр искусствосунун сүйүүчүлөрүн да өз спектаклдери менен кубандырып келет.

Чыгармачыл топ ата мекендик жана чет элдик авторлордун 130дан ашык драмалык чыгармаларын сахналаштырган, аларды 4 миллион 200дөн ашык көрүүчүлөр көргөн.

1997-жылы театрга мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун ысымы ыйгарылган. Театр ошондой эле Ош, Жалал-Абад облустарындагы элдик театрларга жана чыгармачыл топторго жакшы база болуп, кеңири методикалык жардам көрсөтүп, жер-жерлерде театр искусствосун өнүктүрүүгө өбөлгөлөрдү түзүп келет.

Театрда 179 адам эмгектенсе, анын 76сы чыгармачыл кызматкерлер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: