Ошто Баяман Эркинбаевдин элесине арналган эл аралык турнир өтүүдө (фото)










Ош шаарында “Алыш” күрөшүнүн негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Баяман Эркинбаевдин элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
Кабарлангандай, турнирге Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кыргызстандын 7 облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан 200дөн ашык спортчулар катышууда. Алар 10 салмактык категорияда таймашат.
Турнирдин жеңүүчүлөрү медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышат.
Иш-чаранын уюштуруучулары Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети. Турнирдин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө “спорт чебери” наамы ыйгарылат.
Мелдеш кечээ, 25-ноябрь күнү башталган. Бүгүн жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.