Кытайда СOVID-19 жуктургандардын саны үч күндөн бери рекорд коюуда

Акыркы суткада 35 183 кишиден вирус аныкталган. Ооругандардын көпчүлүгү илдетти симптомсуз өткөрүп жатканы маалымдалды.
Кечээ, 25-ноябрь күнү инфекция 31 656 адамдан, бүгүн, 26-ноябрда 32 943 бейтаптан аныкталды.
Акыркы жолу Кытайда антирекорд ушул жылдын апрель айында катталган. Анда Шанхайда бир суткада 29,4 миңден ашуун адам вирус жуктурган.
Пандемия башталгандан бери Кытайда жалпы жонунан COVID-19 инфекциясынын 304 093 учуру катталып, 5 232 адам көз жумган.
Кытайда СOVID-19 жуктургандардын саны үч күндөн бери рекорд коюуда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.