"3 адам каза болуп, 38и жабыркады". Ташкент-Ош трассасында жол кырсыгы катталды

Анжиян облусундагы Ташкент-Ош-Анжиян А-373 автожолунда автобус менен жүк ташуучу унаа кагышып, үч киши каза болуп, 38 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.
"Жол кырсыгы ишемби күнү болжол менен саат 08:10до автожолдун 389-390-чакырымында туман каптап турган кезде катталган. Алдын ала маалыматка караганда, автобустун айдоочусу жол эрежесин бузуп, карама-каршы тилкеге чыккан", - деп айтылат билдирүүдө.
Ар кандай жаракат алган 38 адам Анжиян облусундагы Бустанск районунун бириктирилген ооруканасына жеткирилген. Алардын абалы Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин жеке көзөмөлүндө экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

13:44
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Kg-04

27.11.2022. 15:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суперге азыр баары бир болуп калган каалагандай калчайт
сабира

27.11.2022. 16:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мени ишке алгыла супер инфо,туура жазуу боюнча сабак отом
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.