super.kg logo

Касым-Жомарт Токаев Орусияга иш сапары менен барат

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайра шайлангандан кийинки биринчи сапары Орусияга болот. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.

Белгиленгендей, сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери видеоконференция аркылуу Казакстан менен Орусиянын аймактар ​​аралык кызматташуу форумуна катышары айтылды. Мындан сырткары, биргелешкен документтерге кол коюлат.

Эскерте кетсек, 20-ноябрда өткөн шайлоодо Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,31 пайызынын добушун алган. Ал бул кызматты 7 жыл аркалайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: