Беларусь өлкөсүнүн тышкы иштер министринин күтүүсүз өлүмүнүн болжолдуу себеби айтылды
Беларусь өлкөсүнүн "Наша Нива" басылмасы өлкөнүн тышкы иштер министри Владимир Макейдин күтүүсүздөн каза болушунун айрым жагдайлары тууралуу маалыматты жарыялады.
Басылманын маалыматына караганда, 64 жаштагы тышкы иштер министринин өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон.
"Владимир Макей жүрөгү кармап калганда Дроздыдагы үйүндө болгон. Ал өз убагында дарыгерлерге кайрылган эмес, анткени ал ден соолугуна олуттуу караган эмес", - деп жазды басылма.
Ишемби күнү, 26-ноябрда Макейдин өлүмү тууралуу Беларустун маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал 2012-жылдын 20-августунан бери өлкөнүн тышкы иштер министри кызматын аркалап келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.