super.kg logo
  Спорт  

"Катар-2022": Сенсация жараткан Сауд Арабия курамасы плей-оффко чыга алабы? Талдайбыз

 

Учурда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу кызый баштады. Дегенибиз тайпалык баскычтын акыркы турдук оюндары башталар алдында Дүйнө чемпиондугу менен мөөнөтүнөн мурда болгону 2 гана команда коштошту.

"С" тайпасында абал ушундай эле. Бул тайпада учурда 4 упайы менен Польша биринчи орунда келе жатат. Экинчиде 3 упайы менен Аргентина, үчүнчүдө ушундай эле упай менен Сауд Арабия курамасы. Ал эми төртүнчү орунда 1 упайы менен Мексика курама командасы.

Эгерде Сауд Арабиясы Мексиканы жеңсе, плей-оффко чыгат. Эгерде Польша менен Аргентина тең чыкса, анда арабдар биринчи орунду ээлейт. Ошондой эле өз жеңиши жана Аргентинанын жеңиши менен биринчи орунду ээлей алат. Анткени Сауд Арабиянын көрсөткүчү Аргентинага караганда жакшыраак болот. Албетте, бул Аргентина Польшаны жеңгенде гана.

Эгерде Сауд Арабиясы Мексика менен тең чыкса, анда Польша Аргентинаны жеңиши керек же Аргентина Польшаны ири эсепте утушу керек. Анда Сауд Арабиянын көрсөткүчү Польшага караганда жакшыраак болуп, тайпада экинчи орунга жайгашат.

Эгерде Сауд Арабия Мексикага утулса, анда Дүйнө чемпиондугу менен коштошот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: