Москвада Путин менен Токаев жолугушту

Бул Токаевдин 20-ноябрда Казакстандын президенти болуп кайра шайлангандан кийинки биринчи чет элдик сапары.
Жолугушууда Путин казак лидерин шайлоодогу жеңиши менен дагы бир жолу куттуктап, өлкөнүн саясий жана социалдык-экономикалык турмушунда реформаларды жүргүзүү пландарын ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.
Токаев куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстан үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш катары кала берерин, аларды ар кыл тармактагы өз ара алака байланыштырып турарын кошумчалады.
Мамлекет башчылары 2021-2022-жылдардагы товар алмашуунун дурус болгон көлөмү тууралуу кеп кылышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу декларацияга кол коюшту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.