Гүлзинат Суранчиева эл аралык музыкалык сынакта 1-орунду багындырды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзинат Суранчиева Москвада өткөн эл аралык музыкалык сынакта 1-орунду багындырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, ырчы Musica classica эл аралык сынагында "Соло фортепиано" номинациясында 1-орунга ээ болгон. Аталган сынак 24-29-ноябрда Орусиянын Москва шаарында өттү.
Бул сынак бардык аткаруучулар үчүн бир турда өткөрүлөт. Катышуучу сынакка бир нече номинациялар боюнча катыша алат. Сынактын катышуучуларынын өнөрлөрүн музыкалык окуу жайлардын чакырылган музыканттарынан жана профессорлорунан турган эл аралык калыстар тобу баалайт.
Сынакка КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн музыканттары катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Yahoo

29.11.2022. 20:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз!!!
Бирок Россияда башка эле башка эле пианистка алды деп жазылып туратко))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.