super.kg logo

Токтогулда 43 жаштагы жарандан ири өлчөмдөгү баңгизат табылды

 

Токтогул районунда 43 жаштагы жарандан ири өлчөмдөгү гашиш заты табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, министрликтин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токтогул районунда ыкчам иш-чара өткөрүлгөн.

Ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Токтогул районунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү гашиш баңгизатын сатуу жана ташуу схемасы бар экендиги аныкталган.

Тиешелүү кызмат тарабынан Токтогул районунда баңгизатын Бишкек шаарына алып барып сатууга ниеттенген жүргүнчү олтурган автоунаа токтотулган. Кызматкерлер тарабынан автоунаанын багаж бөлүгүн тинтүү учурунда скотч менен оролгон кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат салынган баштыкча алынган.

168 даана баңги заты Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын тургуну 43 жаштагы С.Р. аттуу жаранга таандык болгондугу аныкталган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык алынган баңгизаттын жалпы салмагы 1 килограмм 776 грамм гашиш болгон. Кылмышка шектүү жаран Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: