Футбол боюнча дүйнө чемпионатында биринчи жолу аял калыстык кылат
Франциялык Стефани Фраппар футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатта башкы калыс болуп иштеген биринчи аял болот. Ал Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын 3-турунда калыстык кылат. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Твиттердеги баракчасына жарыяланды.
Ал Германия менен Коста-Рика курама командаларынын ортосундагы чемпионаттын тайпалык баскычынын 3-турунун оюнуна дайындалды. Команданын жолугушуусу эртең, 1-декабрда болот.
Фраппарт 2019-жылы УЕФАнын Суперкубогу үчүн Ливерпуль менен Челсинин беттешин башкарып, УЕФАнын эркектер арасындагы ири турниринде кызмат кылган биринчи аял калыс болгон.
Мындан тышкары, ал Франция чемпионатынын жана Чемпиондор Лигасынын оюндарына калыстык кылган.
Стефани Фраппарт 38 жашта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.