Шайлообек Атазов: "Баш мыйзам бузулуп жатат"
Поркуратура кызматкерлеринин депутаттарды суракка чакырганы мыйзамсыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 1-декабрдагы жыйынында эл өкүлү Шайлообек Атазов айтты.
Ал суракка чакыртылганына арданбай турганын, бирок Баш мыйзам бузулуп жатканын белгиледи.
"Элден түшкөн арыздарды Башкы прокуратура карап койсун деген ойду айтып жатабыз. Бизди келип үч прокурор суракка чакырып кетип жатат. Биз суракка чакырганга арданбайбыз. Болгону Баш мыйзам бузулуп жатат. Биз мамлекеттин саясатын колдогон депутаттарбыз, коопсуздук үчүн, келечек үчүн президенттин саясатын колдоп жатабыз. Мен кечээ "Дордойдогу" ишкердин 120 миң долларын алып кеткени боюнча айттым эле. Ошол эле күнү ал шылуунду аныктап кармай турганын айтышты. Мен айткан жер маселеси, Сузактагы инвесторлорго байланыштуу окуялар боюнча да көзөмөлгө алышты. Мына ошол иштерди депутаттар көтөргөндөн кийин гана иштеш керек беле. Ошону өздөрү эле билип, өз учурунда аткара берсе болбойбу? Азыр түнү менен дагы прокуратура органына нааразы болгондордон арыздар келип түшүп жатат. Мына ушундай адилетсиз иштерди жоёбуз деп кайра-кайра революция болуп жатпайбы. Мен Башкы прокурордон суранат элем, кечээки суракта сиздин өкүлдөрүңүз эки күндө жыйынтык чыгарып беребиз деди, ошону аягына чыгарып бериңиз", - деди эл өкүлү.
Ошондой эле ал сөзүнүн аягында төрага Нурлан Шакиевге кайрылды.
"Урматтуу төрага, эгерде депутаттардын иш бөлмөсүнө чейин келип, суракка чакырып кетсе мыйзам бузулдубу же бузулган жокпу?", - деп суроо салды Атазов.
Шайлообек Атазов: "Башмыйзам бузулуп жатат"
