Атазов Фейсбуктагы Башкы прокуратураны сындаган билдирүүсү эмне себептен өчүрүлгөнүн ачыктады
Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов кечээ күнү Фейсбукта Башкы прокуратураны сындап жазган билдирүүсү эмне себептен өчүп калгандыгын ачыктады.
"Постту өчүр дегендер болду. Кеп ал билдирүүнүн жазылганында же өчүрүлгөнүндө эмес, прокуратура кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө элдин кыжырлануусунда болуп жатат. Буга чейинки жакынкы тарыхка деле байкоо салсак, президенттердин куулганына, жалпы элдин нааразычылыгына укук коргоо органдарынын адилетсиздиги себеп болгон. Ошондуктан прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнө баа берилсин деп кайрылып жатабыз. Эгер баш прокурор адилеттүү иштеп жаткан болсо, кечээ прокуратура кызматкерлеринин бизге кылган мамилесине баа берсин, ал эми башкы прокуратуранын ишине Жогорку Кеңеш баа берет", - деди Атазов.
Ошондой эле ал Фейсбукта жазган постун өчүрүп коюшун көп кишилер суранганын, жыйынтыгында ал пост өзү өчүп калганын билдирди. Аны ким тарабынан өчүрүүлүсү мүмкүн экенин ачыктаган жок.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Женишбек Токторбаев кечээ кечинде Башкы прокуратурада сурак берип чыккандан кийин, алардын суракка алганын сындап Фейсбукта пост жазышкан. Көп өтпөй экөөнүн тең посттору өчүп калган.
Токторбаев бүгүн кайра кечээги постун чыгарып, алдына "Постту өчүрсөңөр да, мени өчүрө албайсыңар" деп кошумчалаган.
Атазов Фейсбуктагы Башкы прокуратураны сындаган постту эмне себептен өчүрүлгөнүн ачыктады
