super.kg logo

Өзгөндө жаранды коркутуп, акча опузалаган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Өзгөндө жаранды коркутуп, акча каражатын опузалап талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилегендей, ушул жылдын 25-ноябрында жергиликтүү милиция бөлүмүнө Өзгөн шаарынын 32 жаштагы Т.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында андан опузалап акча талап кылып жаткан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүүнү суранган.

Жабырлануучунун айтымында, 24-ноябрь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Өзгөн шаарынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан "Айчүрөк" кинотеатрынын алдында үч бейтааныш жаран келип, ага күч колдонгон. Алар аны Дэу-Нексиа үлгүсүндөгү унаага салып, Өзгөн районунун Шоро-Башат айылынын талаасына алып барышкан.

Жабырлануучудан 50 000 сом опузалап, жанындагы болгон 10 000 сом акчасын тартып алышкан. Андан сырткары бирөөсү өзүн Өзгөн шаарындагы криминалдык топтордун биринин мүчөсү катары тааныштырып, 25-ноябрь күнү 25 000 сом акча таап келүүсүн айткан.

Бул факты Өзгөн РИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында шектүү 15 000 сом акчаны алган учурда колго түшүрүлгөн.

Тергөө учурунда кармалган жарандын аты-жөнү аныкталып, ал Өзгөн районунун тургуну, мурда оор кылмыш жасап соттолгон, 42 жаштагы А. уулу Т. экендиги такталган.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.12.2022. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Вор в законе, смотрящий дегендер мындан ары болбойт деген сөзү эмне болот эми, жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн деп айтышкан кыргызда.
01.12.2022. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktiyar731 оппоо кафур динге кайтпасан Кул болуп олосун жаман жакшы кошо жаралган Жана шайтан Сенин Атан дагы кудай кыяаматка дери убакыт Берген демек сендей кафурлар дагы коп болот деген соз харам менеен адалды Ислам жолу болуп турат ошон учун бул андай деген ал мындай деген деген нерсе ИСЛАМДА жок Бир Аллах айткан болот демек дин менен болбосон Сенин олушуно деле аз калыптыр
01.12.2022. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah Akbar сен оорукчансынбы?канчанчы топтогу майыпсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: