super.kg logo

Жанар Акаев: "Эмил Жамгырчиев ооруп жатканын айткан, азыр кайда экени белгисиз"

 

Депутат Эмил Жамгырчиев ооруп жаткан, азыр кайда экени белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Чынын айтканда байланыша элекмин, азыр каякта экенин билбейм. Буга чейин сыркоолоп жатканын айткан. Бүгүн - эртең пайда болот деп ойлойм. Жамгырчиевди кармалды дегенге болбойт, болгону чек арадан өткөрбөй коюшкан. А эмне себептен өткөрбөй коюшканын учурда сурап, тактап жатабыз", - деди Акаев.

Ошондой эле ал Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын аймагында өткөндүктөн улам жаңы сим-карта алгычакты байланыш үзүлүп калгандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 26-ноябрда депутаттар Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековдор кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети аркылуу тажияга бара жатканда Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон. Эмил Жамгырчиев кармалып, кийин кое берилгени белгилүү болгон.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков учурда чет жакта дарыланып жатканын, жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келерин фейсбуктагы баракчасына жазды.






Жанар Акаев кесиптеши Эмил Жамгырчиев дайынсыз болуп жатканын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.12.2022. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлүп кеткиле эми бири бириңерге одвакат болуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: