"Башына ок тийген". Кара-Балтада ишкерди атып кетишти
Чүйдүн Кара-Балта шаарында эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, кылмыш шаардын "Батыш" кварталында болгон. Окуя тууралуу милицияга билдирүү саат 7.48де түшкөн.
Маркумдун аты-жөнү такталып, ал 49 жаштагы Х.И. аттуу жаран экени аныкталды.
Аталган факты Жайыл райондук милициясында "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча каттоого алынган.
"Каза болгон жарандын башына ок тийген. Экспертизалар дайындалып, кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Айрым басылмалар каза болгон жаран алтын менен иштөө боюнча чебер, жеке компанияда иштеген кызматкер экени такталганын жазышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.