super.kg logo
  Саясат  

Астанада Манастын эстелиги орнотулат

 

Президент Садыр Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү жана эл аралык маданий-гуманитардык кызматташуулары боюнча маселелери талкууланды.

Алтынбек Максүтов мамлекет башчысына айкөл Манастын эстелигин Астана шаарында орнотуу боюнча уюштуруу иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, эстеликтин эскизинин долбоорун сунуштады.

Эстеликти орнотуу боюнча тиешелүү макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы 2020-2023-жылдарга кызматташтык боюнча Координациялык планынын алкагында жетишилген.

Кыргызстанда жашаган скульпторлордун жана сүрөтчүлөрдүн арасында эстеликтин эң мыкты эскизи үчүн сынак өткөрүлгөн. Сынактын жеңүүчүсү скульптор Үрүстөмбек Пазылов, архитектору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Улан Бейшенбаев болду.

Учурда эстеликтин көркөм-эксперттик комиссия тарабынан бекитилген жумушчу макети даярдалды. Постаментти граниттен жасоо пландалууда. Скульптура өзү колодон жасалат.

"Астана шаарынын акимиаты тарабынан бөлүнгөн жер боюнча чечим кабыл алынгандан кийин, эстеликтин тургузула турган жерине ылайыкташуусу үчүн азын-оолак оңдоолор киргизилиши мүмкүн.

Эстелик Астананын көрүнүктүү, эл көп жайгашкан жерине орнотулуусу пландалып, анда шаардыктар жана борбордун коноктору кыргыз архитекторлорунун эмгеги менен таанышууга мүмкүнчулүк алат.

Президент Садыр Жапаров Айкөл Манастын образы жана духу эстеликте чагылдырылышы үчүн алдыда аткарыла турган иштерди жогорку деңгээлде камсыз кылууну тапшырды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: