Сокулукта 5 күн мурун жоголгон аңчынын сөөгү табылды
Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы "Кичи-Тоо" тоосунан изделип жаткан Дмитрий Забунов аттуу аңчынын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 50 жаштагы жарандын сөөгү атайын альпинисттик шаймандардын жардамы менен тоодон түшүрүлгөн.
Эске салсак, 27-ноябрь күнү 1961-жылы туулган Александр Браун жана 1972-жылы туулган Дмитрий Забунов аттуу 2 эркек киши "Кичи-Тоо" тоосуна аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү Забунов Дмитрий тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Taalaibek.

02.12.2022. 18:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайберенге жолугуп калган го.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.